Электр энергиясын бөлүштүргөн төрт компания бириктирилет

Кыргызстандагы электр линиялары. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети электр энергияны бөлүштүргөн “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалал-Абадэлектр” ишканаларын бириктирип, бир эле “Кыргыз энергетикалык бөлүштүрүү” компаниясын түзүүнү колдоду. Эми сунуш парламентке киргизилет. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Булардын баары тең акционердик коом болгондуктан акционерлердин жыйынында гана чечилет. Биз мындан 1 миллиард сомго чейин үнөмдөйбүз. Сатып алуудан эле 300 миллион сомдой үнөм болот”.

Таалайбек Ибраев бул маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдиновдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эл өкүлү “Чыгышэлектр” ишканасынын кызматкерлери айлыктарын ала албай жатканын айтып, электр энергиясын бөлүштүргөн компанияларды реформалаш керектигин кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

Эламан Келдибеков: Миграцияда көп нерсени түшүндүм Атамбаевдин тарапташтарынын митинги болбой калды"Кыргызкөмүргө" жаңы жетекчи дайындалдыОктябрь окуялары: Канат Сагымбаев милицияга чакырылдыТаласта секелектерге тийишкен шектүү камалды