Сүрөтчү Татьяна Зеленская эл аралык сыйлыкка ээ болду

Татьяна Зеленская кыздардын укугун коргоого арналган Бишкектеги иш-чарада өзүнүн иллюстрациясын кармап турат. 8-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская Британиядагы Index on Censorship уюмунун ой-пикирди эркин билдирүү боюнча эл аралык сыйлыгына татыктуу болду.

Ал өзү "Фейсбуктагы" баракчасында билдиргендей, бул сыйлык жыл сайын журналистика, искусство тармагында өзүн көрсөткөн адамдарга берилет. Быйыл искусство боюнча сыйлык Татьяна Зеленскаяга ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи Лондондо өттү. Пандемияга байланыштуу Татьяна Зеленская сыйлоо аземине онлайн катышты.

Татьяна Зеленская 2020-жылы "Интерньюс" уюмунун "Умтулуу" сыйлыгына да ээ болгон. Зеленская адам укугу жаатындагы иллюстрациялык эмгектерди жаратып келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Экс-депутат жана мэр шектелген кылмыш Евразия жазуучулар бирлиги Арслан Койчиевдин түркчө китебинин бет ачарын өткөрдүОрусияда шайлоонун акыркы күнү мыйзам бузуулар көп катталуудаГерманияда салттуу "Октоберфест" фестивалы өтүп жататАба ырайы: Тоолуу аймактарда жаан жаайт"Азаттыктын" мурдагы кабарчысы тарткан тасма эл аралык кинофестивалда сыйлык алдыТажикстан "Талибандын" талылуу жерин билетСооронкулова: Соттордун жоопкерчилиги конституциялык мыйзам менен каралышы керекПрезидент Жапаров элди вакцина алууга чакырдыAmnesty International Кабулда жай тургундардын өлүмүн толук иликтөөгө чакырды