Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:18

"Азаттыктын" мурдагы кабарчысы тарткан тасма эл аралык кинофестивалда сыйлык алды


"Мээрман" даректүү тасмасынын режиссеру Айкөл Нурланбек уулу сыйлыгы менен. Бишкек. 17-сентябрь, 2021-жыл.
"Мээрман" даректүү тасмасынын режиссеру Айкөл Нурланбек уулу сыйлыгы менен. Бишкек. 17-сентябрь, 2021-жыл.

"Азаттыктын" мурдагы кабарчысы Айкөл Нурланбек уулунун “Мээрман” даректүү тасмасы “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыгына ээ болду.

Эл аралык сынакта "Эң мыкты фильм" наамын Тажикстандан келген режиссер Манзарали Шерали тарткан "Жүк" тасмаcы утту. "Мыкты режиссура" наамына эстониялык режиссер Керли Кирх Шнейдердин "Вираго", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" Беларустан келген режиссер Андрей Светловдун "Дос" деп аталган тасмасы ээ болду.

Улуттук сынакта "Мыкты фильм" деп режиссер Байзак Маматалиевдин "Кайыкта" деген тасмасы табылды.

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” эл аралык кинофестивалы быйыл Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналып өттү.

КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрү катышкан иш-чарада 500дөн ашуун тасма көрсөтүлүп, эл аралык сынакка 14ү, улуттук сынакка 12си тандалып алынган.

Кинофестивал быйыл онунчу ирет уюштурулуп жатат. Иш-чараны КМШнын гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекет аралык фонду Кыргызстандын “Айтыш” коомдук фонду менен бирге уюштурду. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG