Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

COVID-19: акыркы суткада 69 жаңы учур катталды


Эл ташыган автобусту дезинфекциялоо учуру. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.
Эл ташыган автобусту дезинфекциялоо учуру. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 19-сентябрга карата маалымдашынча, ооруну 69 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Өткөн жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 177 722 адамга жетти. Жалпы 172 189 киши сакайды.

Акыркы суткада оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте:
Бишкек - 41
Талас облусу - 3
Нарын облусу - 4
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 4
Баткен, Ош, Чүй облустарында жана Ош шаарында вирус жуктурган адамдар катталган жок.

Акыркы суткада коронавирустан 2 адам көз жумду. Оорудан жалпы 2588 адам каза болду.

Ушул тапта 594 бейтап ооруканада, 881 адам үй шартында дарыланып жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG