Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:34

Бишкекте онкологиялык илдет менен ооруган балдар үчүн өзүнчө бөлүм ачылды


Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн ачылышы. 18-сентябрь, 2021-жыл.
Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн ачылышы. 18-сентябрь, 2021-жыл.

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылды. Беш кабаттуу имаратка жайгашкан бөлүмдүн ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты.

Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүн баштан-аяк куруп, бардык зарыл медициналык жабдууларды, эмерек жана башка жабдыктарды "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси каржылаган.

Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Кыргызстанда Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү алгачкы жолу балдардын атайын клиникасынын шартында ачылды. Бөлүм 70 орундуу, анын ону интенсивдүү терапия палатасында. Ошондой эле жандандыруучу бөлүм жана эки операция бөлмөсү бар. Мындан сырткары, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар жабдылган.

Бөлүмдө гемодиализ аппараты менен реанимациясы да бар. Андан тышкары мээсинде залал шишиги бар бейтаптарга жардам көрсөтүүгө шарт бар. Андай бейтаптар бардык оорулуулардын 30% түзөт. Жилик чучугун трансплантациялоого шарттар түзүлдү.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымдашынча, балдар онкологиясындагы өлүмдөрдүн көпчүлүгү терапиянын татаалдашынан жана балдарды дарылоо шарттарынын жоктугунан болот. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, балдар онкологиясын атайын балдар клиникасына которгондон кийин гана, жалпы балдар онкокызматын өнүктүрүү менен оң жылыштар болуусу жана өлүм санын азайтуу мүмкүн.

Жаңы бөлүмдүн ачылыш аземине Кыргызстандын жетекчилеринен тышкары Кувейт, Катар жана Сауд Арабиясынан меймандар катышты.

Буга чейин онкологиялык илдет менен ооруган балдар Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордо дарыланышчу. Балдар бөлүмү онкологиялык илдетке чалдыккан 40 баланы дарылоого ылайыкташканы менен анда жаткандардын саны кыйла көптүгү айтылып келген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG