Ооганстандагы жүздөн ашуун журналист куугунтукту жана кабарчылардын өлүмүн токтотууга көмөктөшүүсүн сурап, эл аралык коомчулукка кайрылды. Алардын кайрылуусун "Чек арасыз кабарчылар" уюму 18-сентябрда жарыялады.
Кайрылууга анонимдүү түрдө 103 ооган журналист, анын ичинде 20 аял кол койгон. Булардын басымдуу бөлүгү учурда Ооганстанда иштешет, айрымдары башпаанек сурап кетсе, 10 журналист сүргүндө. Кайрылуу ээлери "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылынын мурунку режиминин (1996-2001 -жылдар) учурундагыдай Ооганстанда кабарчылардын өлүмүн каалабасын билдиришкен. Алар өзгөчө аял журналисттер коргоого муктаж экенин белгилейт.
"Талибан" коомдук милдеттенмелерди алганы менен жалпы репрессиянын белгилерин байкап жатабыз. Журналисттерди коркутуп, куугунтуктоо, жашыруун цензура көрүнүп турат",-деп жазылган кайрылууда.
Кабарчылар Ооганстандагы басма сөз эркиндигин, акыркы жыйырма жылда жетишилген маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын, плюрализмди жана журналисттерди коргоо боюнча жетишкендиктерди сактап калууга көмөктөшүүгө дүйнөлүк коомчулукту чакырышты.
АКШ баштаган союздаштар аскерлерин Ооганстандан чыгара баштагандан тартып күч алган "Талибан" кыймылы 15-августта Кабулду басып алган.