Венера Рыскулова Ошко вице-мэр болуп дайындалды

Венера Рыскулова.

Ош шаардык мэриясынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды. Буйрукка мэр Алмаз Мамбетов 21-сентябрда кол койду. 2010-жылдан бери вице-мэрликке аял киши дайындала элек болчу.

40 жаштагы Венера Рыскулова 2014-2016-жылдары Улуттук статистика комитетинде иштеген. 2021-жылдын май айына дейре өкмөттө ар кандай кызматты аркалаган.

Ал мурунку вице-мэр Эмил Шадыхановдун ордуна келди.

Ош шаарына бийликтин сунушу менен келип, шайланган Алмаз Мамбетов 6-сентябрда Марс Исаевди биринчи вице-мэр, Сонунбек Жунусбаевди вице-мэр кылып дайындаган. (DU)

Дагы караңыз

Чаткалда "Вертекс Голд" ишканасына байланыштуу жагдай талкууланууда Акыйкатчынын кеңсеси Сарыбаевди ачкачылыкты токтотууга чакырды“Коопсуз шаарды” ишке ашыруучу “Вега” менен келишимди өзгөртүү сунушталдыCOVID-19: Индия вакцинанын экспортун жандантатМамлекеттик Думага беш партия өттү