Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Индиянын Нью-Дели шаарында киши колдуу болгон кыргызстандык кош бойлуу келин жана анын баласынын сөөгүн Бишкекке алып келүү маселеси каралып жатканын билдирди.
Расмий кабарга ылайык, кырсык 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү маркумдун досунун батиринде болгон. Ушул тапта кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган экен. Шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда.
22-сентябрда Индиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Нью-Делиде беш айлык боюнда бар Кыргызстандын жараны баласы менен бычакталып сөөгү досунун үйүнөн табылганын жазган. (BTo)
Дагы караңыз
БУУ Ооганстандын саламаттык сактоо системасына 45 миллион доллар бөлөтДепутат Акаев: Былтыркы шайлоодогудай эле чоң эки партия түзүлүп жатат (видео)Kумтөрдүн ишин иликтеген комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылдыБензиндин баасы боюнча Кыргызстан ЕАЭБ аймагында үчүнчү тепкичке чыктыОоганстандагы кол салуулардан бери дегенде беш киши каза болду