Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы үйлөнүү максатында 20 жаштагы кызды уурдап бараткан жигит кармалганын кабарлады.
Ал 23-сентябрда эртең менен "Сосновка" стационардык постунда колго түшкөн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын адистери ыкчам маалыматтын негизинде "Ауди" автоунаасын токтотуп, кызды куткарышкан.
Баштапкы маалыматтарга караганда, 23 жаштагы жигит кызды уурдап, Токтогулга алып баратканы аныкталды. Жагдайды Сокулук райондук милициясы териштирип жатат.
Кыргызстанда кыздарды уурдагандарга жаза эки ирет күчөтүлгөн. 2013-жылы күнөлүүнү жети жылга кесүү тууралуу мыйзам күчүнө кирсе, 2019-жылы аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.
Укук коргоо органдарынын расмий маалыматына караганда, Жазык кодексинин "Адамды никеге туруу максатында уурдоо" беренеси (175) менен 2020-жылы 210 иш катталган. Алардын 5% гана сотко жеткен.
Дагы караңыз
Коронавирус дагы 95 адамдан табылды, каза болгондор катталган жокБажы кызматы алтын концентраты сыртка чыгарылып кеткенин ырастадыТИМ Индияда киши колдуу болгон эне жана баланын сөөгүн алып келетКыргызстанда бүгүн Мамлекеттик тил күнү