Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Бажы кызматы алтын концентраты сыртка чыгарылып кеткенин ырастады


Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.
Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.

Мамлекеттик бажы кызматы “Кыргызстандан аткезчилик жолу менен Кытайга ташылып кетти” делген алтын концентраты боюнча комментарий берди. Мекеменин маалыматына караганда, импорт жана экспорт Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органы тарабынан ишканаларга берилген лицензиянын негизинде ишке ашырылат.

Ал эми алтын концентратын сыртка ташып кеткен “Гик Кайди” компаниясына ыйгарым укуктуу орган быйыл 26-августта флотациялык концентратты экспорттоого лицензия бергени белгилүү болду. Бажы кызматкерлери ишкананын уруксат документтерин көрүп концентраттарды сыртка чыгарышканы кабарланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев 22-сентябрда Кыргызстандан аткезчилик жолу менен ташылып баратканы үчүн кылмыш иши козголгон алтын концентраты Кытайга чыгарылып кеткенин билдирген. Анын сөзү боюнча, 17 фурага жүктөлгөн контрабандалык алтын концентраты "Эркечтам" бекетинде кармалып турган болчу, аны “Достук” постту аркылуу ташып кетишкен.

“Эркечтам” аркылуу аткезчилик жолу менен чыгарып кетүүгө аракет кылынган 17 фура алтын концентраты тууралуу депутат быйыл январь айында айтып чыккан жана Чоң-Алайдагы алтын кенинен казылып алынган чийки зат ар бир фурага төрт тоннадан жүктөлгөнүн жарыялаган.

Бажы кызматы жүк унаага жүктөлбөгөнүн, контейнерлер бажы көзөмөлүндө турганын, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын кабарлаган эле. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG