Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

ТИМ Индияда киши колдуу болгон эне жана баланын сөөгүн алып келет


Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Индиянын Нью-Дели шаарында киши колдуу болгон кыргызстандык кош бойлуу келин жана анын баласынын сөөгүн Бишкекке алып келүү маселеси каралып жатканын билдирди.

Расмий кабарга ылайык, кырсык 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү маркумдун досунун батиринде болгон. Ушул тапта кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган экен. Шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда.

22-сентябрда Индиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Нью-Делиде беш айлык боюнда бар Кыргызстандын жараны баласы менен бычакталып сөөгү досунун үйүнөн табылганын жазган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG