28-ноябрда төрт айылдык кеңеште шайлоо өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, 28-ноябрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясына аталган айылдык кеңештерге шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды. Ушул күнү кыргызстандыктар Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы шайлайт.

Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54тү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Бир мандаттуу округдардан өзүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлердин саны 40тан ашты. (КЕ)

Дагы караңыз

Америкалык ырчы 11 кишиге жыныстык зомбулук көрсөткөн деп айыпталдыКоронавирустан бир бейтап каза болду, 69 учур жаңы катталдыСтамбулда акын Жолон Мамытовду эскерүү кечеси өттүБаткенде 500 орундуу тигүү фабрикасы иштеп баштадыКара-Кулжа районуна Дамир Кулубаев аким болуп дайындалды