Медиа коомчулук ЖМК мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 30-сентябрда Кыргызстандагы медиа өкүлдөрү маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатат.

Анда "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", "Телеберүү жана радиоберүүлөр тууралуу" жана "КТРК тууралуу" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт тарабынан түзүлгөн эксперттик топтун сунуштары каралып жатат.

Медиа эксперт Семетей Аманбеков "ЖМКлар жөнүндө" мыйзам күчүн жоготту деген билдирүүлөргө кошулбай турганын айтып, медиага байланышкан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын иштелип чыгуусун мезгилсиз деп белгиледи:

"Биз каршы пикирибизди медиа мыйзамдарын өзгөртүүнү сунуштап, талкуулап жаткан эксперттик топко жибердик. Бул өзгөртүүлөр Кыргызстандагы сөз эркиндигине шек келтирет. Бул мыйзамдарды журналистикадан алыс адамдар талкуулап, жокко чыгарууну сунуштап жатканы кейиштүү".

Иш-чаранын уюштуруучулары маалымдагандай, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулуктан "Маалымат каражаттары тууралуу", "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө", КТРК тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө сунуштарды сураган. Бул үчүн үч күн убакыт берилгени айтылууда. Министрлик сунуштаган өзгөртүүлөргө ылайык, "Маалымат каражаттары тууралуу" жана "Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндөгү" эки мыйзам бириктирилмекчи.

ЖМК жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөт 13-сентябрда тегерек үстөл өткөргөн. Жыйынтыгында Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттик топко кыска мөөнөт ичинде өзгөртүүлөр боюнча сунуштарды берүү тапшырылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусияда бийлик үч медиа каражатын "чет элдик агент" деп таптыШайлоо-2021: талапкер болууну көздөгөндөрдүн саны 57ге жеттиСамат Ибраев: Фроловду президент кабыл алган (видео)Улуттук банктын төрагасы алмаштыКоронавирустан эки бейтап каза болду, 88 учур жаңы катталдыСания Токтогазиева Telegram каналына чабуул болгонун жазды