Аба ырайы: жаан карга айланат

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 1-4-октябрларында аба ырайы туруксуз болот. Мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан карга айланат. Тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 2-октябрда күндүз жана 3-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде катуу шамал болот.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1 … 6, күндүз 5 … 10;

Талас облусунда түнкүсүн 0 … 5, күндүз 4 … 9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7 … 12, күндүз 12… 17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2 … 7, күндүз 7 … 12;

Нарын облусунда түнкүсүн 1 … 6, күндүз 7 … 12 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2 градус,

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 8…10 градус болот.

Дагы караңыз

Шайлоо-2021: 63 киши өзүн-өзү көрсөтүп, арыз тапшырдыБаткен: Марипов чек ара жаңжалында жабыркаган үйлөрдүн курулуп бүтпөй жатканын сынга алдыАктивист Айсулуу Кудайбердиева УКМКга телефонуна байланыштуу келгенин айттыЖурналисттер ЖМК мыйзамын шашылыш өзгөртүүгө каршы Кыргызстан менен Казакстан санариптик жаатта кызматташатCOVID-19: 1-октябрда каза болгондор катталган жок