Казак соту Арон Атабекти үй камагына чыгарды

Казакстанда түрмөдө 14 жыл отурган 68 жаштагы Арон Атабек.

Казакстанда сот түрмөдө 14 жыл отурган 68 жаштагы Арон Атабекти үй камагына чыгарды. Диссидент акын жакында эле ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн. Атабек 2007-жылы полициянын өлүмү менен аяктаган нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталып, 18 жылга эркинен ажыратылган.

Атабек бир нече күн мурда ооруканага түшкөнүн 28-сентябрда укук коргоочу Елена Семенова билдирген. Ал өзүнө тагылган айыптардын баарын четке кагып келет. 2012-жылы күнөөсүн моюнуна алып, бийликтен ырайым суроо сунушунан баш тарткан.

Бир топ жылдан бери жергиликтүү жана эл аралык уюмдар казак бийлигинен акынды бошотууну талап кылып келген.

Укук коргоочулар билдиргендей, ал түрмөдө кыйноого кабылган. Өткөн айда активисттер Атабектин алсыраган сүрөтүн чыгарып, бул коомдук резонанс жараткан.

Дагы караңыз

Стамбулдан Ошко Pegasus авиакомпаниясы каттай баштады Лукашенко элинен кечирим суроодон баш тарттыТИМ: 750 миңдей кыргызстандык жаран миграцияда жүрөт