Максат Касенов сотко алып келинди

Максат Касенов.

Активист Максат Касенов бүгүн, 2-октябрда кечке жуук Биринчи май райондук сотуна алып келинди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун канцеляриясы ырастап, бирок себебин ачыктаган жок.

Айрым маалыматтарга караганда, ушул тапта Касеновдун бөгөт чарасы каралып жатат.

Мурдагы депутат Максат Касенов "киши өлтүрүүгө аракет кылган" деген шек менен 1-октябрда Каракол шаарынан кармалганын Ички иштер министрлиги билдирген. Маалыматка ылайык, ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси (киши өлтүрүүгө аракеттенген") менен шек саналып, Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Милиция Касеновдун Караколдогу үйүндө тинтүү жүрүп, Сайга үлгүсүндөгү мылтык жана башка куралдар табылганын маалымдаган.

Максат Касенов "Улуу Кыргызстан" кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты. 2017-жылы ал "жапырт мушташка катышканы" үчүн кармалып, иш козголгону маалымдалган.

Маалымат сайттары анда мушташ Каракол шаарындагы таасир талашкан топтордун ортосунда чыкканын жазышкан.

Максат Касенов соңку кезде учурдагы бийликтин ишин сынга алып жүргөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Акыйкатчы: Укук коргоочу Камил Рузиев документ жасаган эмесАлексей Навальныйга "Эркиндик рыцары" сыйлыгы берилдиТышкы иштер министри Казакбаев МАГАТЭнин башчысы менен жолуктуУкук коргоочу Валентина Чупик Орусиядан чыгып кеттиБишкектин мектептеринде бир нече класс карантинге жабылдыЖо Байден үчүнчү ирет эмделдиАсел Шерниязова "Алтын глобус" ассоциациясынын Борбор Азиядагы алгачкы өкүлү болду