Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Укук коргоочу Валентина Чупик Орусиядан чыгып кетти


Укук коргоочу Валентина Чупик.
Укук коргоочу Валентина Чупик.

Саясий качкын макамынан ажыратылган укук коргоочу Валентина Чупик Шереметьево аба майданында кармалып турган жеринен бошотулду.

Ал Өзбекстандын жаңы паспортун алып, Арменияга учуп кеткенин "Азаттыктын" орус кызматына укук коргоочунун жардамчысы Александр Ким маалымдады.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп келген Валентина Чупик өткөн ишембиге караган түнү Армениядан Москвага учуп келгенде кармалган. Анын айтымында, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ал 17-сентябрда качкын макамынан ажыраганын жана ага Орусияга кирүүгө 30 жылга тыюу салынганын билдиришкен.

Укук коргоочу 2006-жылы Өзбекстандан качып чыгып, Орусияда качкын макамы менен жашап жүргөн. Ал эгер Өзбекстанга депортациялана турган болсо, ал жакта абакка кесилиши мүмкүндүгүн, керек болсо абакта өлтүрүлүшү ыктымалдыгын айткан эле.

Бийлик кодулаган, эл сыйлаган укук коргоочу айымдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:11 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG