COVID-19: Жаңы 80 учур катталды

АКШ Кыргызстанга COVID-19 менен күрөшүүгө 1 млн доллардан ашуун суммага медициналык жабдууларды берди.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 6-октябрга карата маалымдаганы боюнча, 80 адамдын вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды:

  • Бишкек - 40
  • Чүй облусу – 22
  • Ош облусу – 1
  • Талас облусу - 2
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 5
  • Баткен облусу - 1
  • Ош шаарында вирус жуктурган адам катталган жок.

Ушуну менен былтыркы марттан бери өлкөдө коронавируска жалпы - 178 932 адам чалдыкты. Анын ичинен 173 712 адам сакайды.

Акыркы суткада оорудан эки киши көз жумду. Жалпы 2 612 адам коронавирустан каза тапты.

Ушул тапта ооруканада 446 адам, ал эми 676 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

2019-жылы Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон COVID-19 вирусу кыска аралыкта дүйнөнү каптап, 236,5 миллиондон ашуун адамга жукту. Жалпы дүйнө жүзүндө 4,8 миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Оорудан 213,7 млн. ашуун адам сакайган.(ZKo)

Дагы караңыз

Шайлоо-2021: бир мандаттуу округдан талапкер болом дегендер 108 адамга жеттиОктябрь окуясына бир жылдан кийинки бааХимиялык куралга тыюу салуу уюму Орусияга Навальный боюнча суроо жөнөттүДепутат Абжалиев мамлекеттин үлүшү бар ишканалар талкаланып жатканын айтты Кыргызстанда пандемиянын башталышы жөнүндө кино тартылдыБалбан Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу дүйнө чемпиону болду