Орусиянын Оренбург облусунун бир нече шаар, кыштагында жасалма алкоголго ууланып он киши өлдү. Бул тууралуу аймак губернаторунун маалымат катчысы билдирди. Дагы бир киши ооруканада оор абалда жатканы кабарланды.
Губернатор Денис Паслер жергиликтүү укук коргоо органдарына жасалма алкоголдун сатылышына тыюу салууга, ал эми тургундарды мындай ичимдиктерди ичпөөгө чакырды.
"Оренбург облусунун баардык тургундарын лицензиясы жок ичимдиктери сатып алууну жана ичүүнү токтотууга чакырам. Өмүрүңөрдөн ажырап калышыңар мүмкүн",-деп жазылат Паслердин билдирүүсүндө.
Окуя боюнча кылмыш иши козголду. Орусияда жасалма аракка ууланган окуялар көп катталат. 2016-жылы Иркутск шаарында "Боярышник" деп аталган лосьонду ичип алган 76 киши каза болгон.
Дагы караңыз
"Озоди": "Талибан" Тажикстан менен алакаларын оңдоого даяр экенин айттыАдабият боюнча Нобель сыйлыгы танзаниялык жазуучу Гурнага ыйгарылдыКыргызстан Батыш өлкөлөрүндө соттолгондор боюнча Европага кайрылды"Кумтөр Голд" компаниясы "Центерранын" кайрылуусуна жооп кайтарды