Ысык-Ата районунда үч эм төрөлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Милянфан айылынын тургуну, 32 жаштагы келин үч эм төрөдү.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 8-октябрда төрөлгөн кыздардын салмактары экиден 3 килограммга чейин.

Кыргызстанда 2020-жылы 1436 эгиз жана 14 үч эм төрөлсө, 2019-жылы - 1575 эгиз, 26 үч эм төрөлгөн.

Дагы караңыз

Ооганстанда шииттердин мечитиндеги жардыруу ондогон адамдын өмүрүн алдыКыргызстандык балбан кыздар Норвегиядан кайтып келишти Бир жарым миллиондон ашуун жаран коронавируска каршы эмделди