Опера ырчысы Ирина Деркембаева дүйнө салды

Ирина Деркембаева.

Көрүнүктүү опера ырчысы Ирина Деркембаева 9-октябрда дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын эмгек жамааты билдирди.

Деркембаева Кыргыз ССРинин эл артисти, Бурят АССРинин эл артисти, Данакер орденинин кавалери. Бир катар операларда ырдап, көптөгөн образдарды жараткан.

Ирина Деркембаева 1927-жылы 25 -декабрда Орусиянын Иркутск облусунун Үңкүрлик айылында туулган. 1952-жылы Москва консерваториясын аяктап, сахнадагы карьерасын Улан-Удэ музыкалык драма театрында баштаган. 1952-жылдан тартып Кыргыз опера жана балет театрынын солисти болгон.

1978 -жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда доцент болуп иштеп, көптөгөн опера ырчыларын тарбиялаган. (MZh)

Дагы караңыз

Орусия бир катар журналистти "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди Казакстанда аткаминерлер кардын видеосун чыгарган пенсионерди кечирим суратыштыОренбургда алкоголго ууланган 26 киши каза тапты"Бүтүн Кыргызстан" парламенттик шайлоого тизмесин бекитти