Баткенде жол кырсыгынан үч адам каза болду

500 киши жол кырсыгынан каза болду.

Баткен облусундагы Кадамжай-Айдаркен унаа жолунун 25-чакырымында 9-октябрдын кечинде жол кырсыгы болуп, үч адам каза болду, жети киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кырсык кечки саат 17:30 чамасында болгон. Toyota Avensis менен Honda Odyssey үлгүлөрүндөгү унаалар кагылышкан. Натыжайда 47 жаштагы бир эркек киши, 56 жана 44 жаштагы эки аял көз жумду. Ал эми жаракат алгандардын эң улуусу 81 жашта.

3-октябрдагы акыркы эсеп боюнча Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 30% көп болду.

500 киши жол кырсыгынан каза болду, 500 миңден көп эреже бузуу катталып, 8 миң айдоочу мас абалында кармалды. (BCh)

Дагы караңыз

Жамбылдагы аскер кампасында дагы жарылуу болдуМосквада ууланган үч өзбекстандыктын абалы канааттандырарлык "Ата-Журт - Кыргызстан" партиясы талапкерлердин тизмесин жарыялады Татарстанда аэроклубдун парашютчулары бараткан учак куладыМаңзат уурдаган жаштык, клей жыттаган өспүрүмдөр