Акылбек Жапаров: Энергосектордун 80% эскилиги жеткен абалда турат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын энергетика секторунун 80% эскилиги жеткен абалда турат. Бул тууралуу 11-октябрда “Коомдук диалог: Жаңы экономикалык саясат” конференциясында сүйлөп жатып экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров билдирди.

Ал эми Бишкектин Жылуулук электр борборунун эскилиги 60% жеткени айтылды.

Эскиликтин жеткен чеги 30% деп аныкталган.

Жапаров белгилегендей, жыл сайын Кыргызстанда электр энергиясын керектөө деңгээли 4-6% жогорулоодо. Бүгүнкү күндө электр энергиясынын тартыштыгы 6 миллиард киловатты түзүүдө.

Кыргызстан электр кубатына тартыштыкты жөнгө салуу үчүн аны кошуна өлкөлөрдөн импорттоп жатат. (RK)

Дагы караңыз

"Ынтымак" партиясы талапкерлердин тизмесин бекиттиЖер көйгөйү боюнча Оштон жөө жүрүшкө чыккандар Бишкекке келдиКыргызстанга Польшадан AstraZeneca вакцинасы келдиКыргыз-тажик чек арасы боюнча топография топторунун жыйыны өттү