Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

"Ынтымак" партиясы талапкерлердин тизмесин бекитти


"Ынтымак" саясий партиясы бүгүн, 11-октябрда Бишкекте курултайын өткөрүп, парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин бекитти. Тизмени "Келечек" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Макешов баштап барат. Бул маалыматты "Ынтымактын" лидери Марлен Маматалиев "Азаттыкка" ырастады.

Тизменин алдыңкы сабында парламент депутаттары Чыңгыз Макешов, Марлен Маматалиев, Сагындык Келдибаев, Рада Түмөнбаева, Талант Мамытов, экс-депутат, мурдагы инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов, Бишкектин мурдагы мэри Балбак Түлөбаев, президент Садыр Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси Адинай Марипова, "Чоң Казат" партиясынын мүчөсү Жаркынбек Касымбеков, блогер Эрулан Кокулов бар.

"Ынтымак" жана "Келечек" партияларынын лидерлери 6-октябрда шайлоого чогуу баруу максатында макулдашууга кол коюшкан.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, партиялар 14-октябрга чейин курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Бир мандаттуу округдан шайлоодо ат салышам дегендер 9-октябрга карата 170тен ашты. Алардын ондон ашууну талапкер болуп расмий катталды.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG