Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Кыргызстанга Польшадан AstraZeneca вакцинасы келди


Вакцина саюу учуру. Май, 2021-жыл. Бишкек.
Вакцина саюу учуру. Май, 2021-жыл. Бишкек.

Польшадан Кыргызстанга 55 миң 200 доза AstraZeneca вакцинасы келди. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Twitterдеги баракчасына жазды. Вакцина биримдиктин жарандык колдоо механизминин алкагында коронавируска каршы күрөшүү үчүн алынып келинген.

Кыргызстандын Республикалык иммунопрофилактика борбору октябрь айында 420 миң дозадай вакцина келе турганын билдирген. Маалыматка караганда, ушул айда AstraZenecaдан сырткары Pfizer, Sinopharm вакциналары келиши керек.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Азыр Кытайдын Sinopharm, Орусиянын "Спутник V", COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Учурда эмделгендердин саны 1,5 миллиондон ашты. Алардын 874 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG