Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Баткен: селден жабыркагандарга жер тилке бөлүндү


Жаратылыш кырсыктарында үйлөрү жабыркаган 75 жаранга турак жай салуу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди. Баткен.
Жаратылыш кырсыктарында үйлөрү жабыркаган 75 жаранга турак жай салуу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди. Баткен.

Кадамжай районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Дюкер тилкесинде быйыл жай айларындагы жаратылыш кырсыктарында үйлөрү жабыркаган 75 жаранга турак жай салуу үчүн жер бөлүнүп берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, үч райондун элин бир тилкеге жайгаштырып, Ынтымак деген жаңы айыл түптөлө баштады. Жер алгандар Баткен жана Лейлек районунун кооптуу делген аймагынын тургундары. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган аймактын тургундарын көчүрүү тууралуу чечим чыгарган.

Облустук бийлик Дюкер тилкесинин башкы планы даяр экенин билдирүүдө. Бүгүнкү күндө 1500дөн ашык адамга турак жай үчүн жер берилген.

Быйыл 19-20-июль, 3-август күндөрү Жалал-Абад, Баткен облустарында сел жүрүп, үйлөрдү суу каптаган. Жалал-Абад облусунда 446 турак жайга сел кирип, анын 58и жашоого жараксыз деп табылган. Баткен облусунда 107 үйдү сел каптап, 39 үй-бүлөгө убактылуу жашап туруу үчүн чатырлар берилген.

Селде алты жаштагы кыз жана он алты жаштагы өспүрүм каза болгон. Селдин кесепетинен Жалал-Абад, Баткен облус аймактарында бир топ социалдык обьектилер, таза суу куурлары, жол, көпүрөлөр жараксыз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG