Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Бишкекте университеттик клиника ачылды


КЭАУнун медициналык клиникасында.
КЭАУнун медициналык клиникасында.

Бишкекте Кыргызстан эл аралык университетине караштуу медициналык клиника ачылды. Окуу жайдын басма сөз кызматы 11-октябрда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, университеттин клиникасында бейтаптарды дарылоо менен катар медицина мектебинде билим алып жаткан студенттер үчүн тажрыйбасын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Клиниканы түптөөгө жергиликтүү жана чет өлкөлүк демөөрчүлөр жардам берген.

Кыргызстанда 73 жогорку окуу жайы бар. Дарыгерлер негизинен Кыргыз медицина академиясында даярдалат, андан тышкары бир нече жогорку окуу жайда медицина факультеттери жана борборлору бар. (RK)

XS
SM
MD
LG