Ооганстанда жума намазындагы жардыруудан каза тапкандар жерге берилди

Жардырууда набыт болгон 41 адамды жерге берүү зыйнаты, Кандагар. 16-октябрь, 2021-жыл.

Жума намаз учурундагы жардыруудан набыт болгон 41 кишини жерге берүү зыйнаты 16-октябрда өттү. Жардыруунун жоопкерчилигин "Ислам мамлекети- Хорасан" террордук тобу моюнуна алган.

Террорчулардын Телеграмм каналында: "Биринчи жан кечти жардыргыч зат байланган күрмөсүн мечиттин коридорунда жардырган. Экинчиси болсо, намаз окуп жаткандардын ортосунда туруп жардырган",- деп жазылган.

15-октябрда Ооганстандын Кандагар шаарындагы шииттердин мечитинде жума намазы маалында чоң жардыруу болду. Дарыгерлер жардыруулардан 41 адам мерт кетип, 70тей адам жаракат алганын билдирүүдө.

8-октябрда Кундуз шаарындагы шииттердин мечитин бутага алган бомба чабуулу үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчиликти мойнуна алган эле.

Дагы караңыз

Эки активист Бээжиндеги Олимпиадага каршы акция өткөрдүОрусияда коронавирус күчөп жататТүндүк Македонияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо өттү"Абакта же көчөдө". Дайынсыз кеткен мигранттар Германияда азан үнү жаңырабы? Таласта жол кырсыгынан тогуз адам каза тапты