Каржылык көзөмөл кызматына Улан Сарбанов жетекчи болуп дайындалды

Улан Сарбанов

Улан Сарбанов Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Сарбанов буга чейин Салык консультанттарынын палатасындагы аттестациялык комиссияда жана Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик кеңеште мүчө болгон, Улуттук илимдер академиясында, Борбор Азиядагы Эл аралык университетте, Кувейт университетинде иштеген.

1992-жылдан баштап Улуттук банкта ар кайсы кызматтарды аркалаган. 1998-жылдан 2006-жылга чейин Улуттук банктын төрагасы болуп эмгектенген.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматын буга чейин Арзыбек Кожошев жетектеген. Ал 12-13-октябрда түзүлгөн Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган. (ErN)

Дагы караңыз

Атамбаевди 11 жылга кескен сот өкүмү кайрадан күчүнө кирдиУКМК ырайым кылуу боюнча комиссиянын жооптуу катчысын кармадыАКШ Грузиянын куралдуу күчтөрүн колдоону улантатАйрым зарыл товарлардын баасын убактылуу тескөө сунушталды