Түндүк Македония: шайлоодо утулган премьер кызматтан кетерин жарыялады

Премьер-министри Зоран Заев.

Түндүк Македонияда 31-октябрдагы шайлоонун экинчи айлампасын оппозиция жеңип чыккандан кийин премьер-министр Зоран Заев кызматтан кетерин жарыялады.

"Мен бул окуялар үчүн жоопкерчиликти алам, премьер-министрликтен жана партиянын төрагалыгынан кетем. Мен эркиндик менен демократияны алып келдим, демократия деген жоопкерчиликти алуу дегенди билдирет", - деди "Македониянын социал-демократтар бирикмеси" партиясынын жана башкаруучу коалицияны жетектеген Заев.

31-октябрда Скопье шаарынын мэрин шайлоо болду. Скопьеде учурдагы мэр, "Македониянын социал-демократиялык биримдиги" (СДСМ) партиясынын талапкери Петре Шилегов оппозициядагы ВМРО-ДПМНЕ ("Македониянын ички революциялык уюму – Македония элинин биримдиги үчүн демократиялык партиясы") колдогон көз карандысыз талапкер Данела Арсовскага утулуп калды. Шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Арсовска 55,85% добуш менен жеңишке жетти. Бюллетендердин 60% саналгандан кийин Заевдин партиясынан талапкер Петре Шилеговду шайлоочулардын 40,60% колдогону белгилүү болду.

Бул ирет шайлоочуларды бармак издеринен текшерген жаңы система жана терминалдар колдонулду.

Түндүк Македонияда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, мэрлерди, жетекчилерди шайлоонун биринчи айлампасы 17-октябрда өткөн. Премьер-министр Зоран Заев үчүн алгачкы сыноо катары каралып жаткан өнөктүктө 11 миң талапкер ат салышкан. Мамлекеттик шайлоо комиссиясы түштөн кийин жарыялаган сандарга караганда, 1,8 миллион добуш берүүчүнүн 32% жакыны шайлоого катышты.

Өкмөткө кирген төрт партия либерал-демократиялык принциптерди, Евробиримдикке, НАТОго кошулууну колдошот. Коалициянын негизги атаандашы – улутчул партиялардын талапкерлери. Андан тышкары бир нече көз каранды эмес талапкер ат салышты.

Заев өкмөттү 2020-жылдын августунан бери жетектеп келген.

Дагы караңыз

Ооганстан: музыка жаңырган тойдогу ок атуудан кеминде эки киши каза таптыПутин “Чоң жыйырмадан” Sputnik-V вакцинасын таанууга чакырдыИрандын расмий өкүлү АКШ менен Израилди кибер чабуул үчүн айыптадыСадыр Жапаров Глазгого учуп кетти Бишкекте 1-ноябрдан баштап жол кире кымбаттайт