Дастан Бекешев УКМКда сурак берип чыкты

Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында 15-ноябрда үч саттан ашык сурак берип чыкты.

Ал мекеменин алдында күтүп турган тарапташтары, укук коргоочулар жана адвокаттарга жолугуп, шайлоонун үгүт мыйзамдарын бузууга байланыштуу сурак бергенин айтты.

"Менин балдарым үгүт иштери менен жүрүшкөн. Алардын жанында жашы жете элек балдар бар экен. Жардамдашып жүргөнбү билбейм. Аларды кармап алып, "мына, үгүт кылып жүрөсүңөр" дешиптир. Азыр эми Жазык кодексинин 194-беренеси ("Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу") менен териштирип жатышат. Бирок бул берененин эч кандай тиешеси жок".

Ал сурак адвокаттын катышуусусуз өткөнүн, буга өзү макул болгонун кошумчалады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет окуяга байланыштуу маалымат бере элек. "Азаттык" мекеменин басма сөз кызматына бул маселе боюнча кайрылды.

Дастан Бекешев Бишкектеги №28 Октябрь райондук округунан парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт. (BTo)

Дагы караңыз

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башчысы Иранга баратДепутат Дастан Бекешев УКМКда сурак берип жататСтолтенберг Орусияны украин чек арасындагы аскердик ишмердигин жашырбоого чакырдыОрусия: зордуктоого шектелген полициянын мурдагы кызматкерлери акталдыПрезидент Жапаров: өкмөт көмүрдү 3000 сомдон сата баштайт