Кыйноолорго каршы бир айлык башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кыйноолорго каршы бир айлык башталганын 15-ноябрда Кыйноолорго каршы улуттук борбор билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, өнөктүк алкагында 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата жабык жайларда кыйноолорду алдын алуу боюнча бир катар иш-чаралар уюштурулат.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги мындай окуялар жок эмес экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет.

1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган.

Кыргызстанда кыйноого кабылгандардын 97% милициядан запкы жегенин айтса, калганы Улуттук коопсуздук комитетинин, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн колунан азап чеккенин билдирген. Укук коргоочулар балдар үйлөрү менен интернаттарда, карылар үйлөрүндө жана психиатриялык стационарларда кыйноо фактылары бардыгын белгилешет.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылдан 2021-жылдын сентябрына чейин кыйноого кабылганы тууралуу жарандардан 63 арыз келип түшкөн. Алардын 12и кылмыш курамы жоктугунан кыскартылган, 41 иш иликтенген. Арыз жазгандардын бешөө аял, экөө жашы жете элек өспүрүм.

2012-2021-жылдар аралыгында кыйноо фактысы менен 79 кишиге каршы 26 кылмыш иш ачылган. Алардын 57и акталып кеткен. 18 киши соттолгон жана төрт иш кыскартылган. Сот кыйноо көрсөткөн 12 кишини жети жылдан 12 жылга чейин кескен. Эркинен ажыратылгандардын 14ү ИИМден, төртөө Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү болгон. (RK)

Дагы караңыз

Коррупция боюнча бардык иштерди эми бир мекеме тергейтЕАЭБге мүчө өлкөлөр ичинен Кыргызстанда инфляция көрсөткүчү жогоруКоронавирустан үч бейтап каза болуп, 103 учур жаңы катталдыСадыр Жапаров: Добуш сатып алуу - коррупциядан да кооптуу көрүнүш, ага каршы эң чечкиндүү чара көрүлөт