БУУ Ооганстандагы кризис эстремизмге өбөлгө түзөрүн эскертти

Кабул

БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү өлкө “гуманитардык апаатка” туш болушу мүмкүн деп эскертти. 17-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Дебора Лайнс 38 миллион калктын 60% ачарчылыкка кабылганын, кырдаал кыштын келиши менен начарлайт деп күтсө болорун билдирди. Ал ошондой эле эл аралык коомчулукту ооган элине финансылык жардам берүү жолдорун табууга чакырды.

“Талибан” кыймылына салынган санкциялар “экономиканын бардык тармактарына залака тийгизип, банк системасын токтотуп салды”, - деп белгиледи дипломат.

Лайнстын айтымында, банк секторунун токтоп турганы терроризмге, адам аткезчилигине, наркотрафикке өбөлгө түзүүдө, азыркы кырдаал “экстремизмдин баш көтөрүү тобокелчилигин күчөтүүдө”. БУУнун өкүлү “Ислам мамлекети-Хорасан” радикал уюму ансыз да Ооганстанда активдүү болуп жатканына басым жасады.

”Талибан” кыймылы бийликке келген августтун ортосунан бери Батыш өлкөлөрү Ооганстандын өз банктарындагы каражаттарын алууну чектеген. Финансылык жардамын токтотушкан.

Дагы караңыз

Электр жарыгы үчүн жол тоскон конуштун карызы боюнча сотко арыз берилетКытай саясатчысын айыптаган теннисчинин тагдыры камтама жараттыОрусия дин эркиндиги бузулган өлкөлөрдүн катарына кирди Министр Тарых музейи 20-ноябрда ачыларын билдирдиЖамбылда катуу шамалдан киши өмүрү кыйылды