Депутаттыкка талапкер Жаныбек Абиров УКМКга суракка чакырылды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Жаныбек Абиров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгына 19-ноябрда суракка чакырылды.

Өзүнүн айтымында, ал "жашы жете электерди үгүт иштерине колдонгон" деп шек саналууда.

Бир күн мурда "Фейсбуктун" колдонуучулары Абировдун командасында иштеген кыздардын сүрөтүн жарыялап, "жашы жете электерди үгүткө иштеткени үчүн" УКМК көңүл бурушу керектигин жазышкан.

Абиров анын командасынын ар бир мүчөсү 18ден өткөнүн, патент менен иштеп жатышканын, муну далилдеп бере аларын билдирди.

УКМК бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Жаныбек Абиров баш калаанын Ленин районунан бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлигин койгон. Мурда ал Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болгон.

УКМК буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дастан Бекешевдун шайлоо штабы үгүт ишине окуучуларды пайдаланганы аныкталганын билдирип, аны суракка чакырган. Бекешев Бишкектин Октябрь округунан талапкер.

Дагы караңыз

Бир мандаттуу округдан кимдер талапкер болду? ТизмеШайлоо: Партиялардын тиреши күч алды