НАТО: Орусия чек арадагы чыңалууну токтотушу керек

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украина менен чектешкен аймагына аскерий күчтөрдү тартуусун сынга алды.

26-ноябрда Брюсселде өткөн басма сөз жыйынында Столтенберг расмий Москваны Украинанын аймагына жакын жерлерге аскерлерин көбөйтүп жатканын айтып, чыңалууну токтотууга чакырды.

"Эгер Орусия аскерий күчтөрүн Украинага каршы колдонсо сөзсүз түрдө анын кесепети оор болот. Ушундан улам Орусияны аскерлерин артка тартууга чакырабыз".

Столтенберг өз сөзүндө Орусия Крымдын аннексиясын мыйзамсыз улантып, Украинанын чыгышындагы бейкуттукка жол бербей жатканын айтты. НАТО Орусиянын мындан аркы иш-аракеттери боюнча чалгын иштерин улантып жатканын билдирди. (BCh)

Дагы караңыз

Ошто "Альянс" партиясынын мүчөсү 16 миң сом менен кармалдыКыргызcтандын климаты: Сел күчөдү, аба булганды, илдет көбөйдү Жетигенов менен Купешов эки айга камалдыТажикстан: Хорогдо митингге чыккандардын саны көбөйдүШайлоочулардын катышуусу