Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Тажикстан: Хорогдо митингге чыккандардын саны көбөйдү


 Хорог шаарындагы нааразычылык акциясы.
Хорог шаарындагы нааразычылык акциясы.

Тажикстандын Хорог шаарындагы нааразылык акциясына чыккандар бүгүн, 27-ноябрда көбөйгөнүн "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы өздүк булактарына таянып жазды.

Митингге чыккандар нааразылык учурунда каза болгон эки адамдын сөөгүн көтөрүп чыгышты.

Жарандык коомдун өкүлү Бахтовар Бахтиёоровдун айтымында, каза болгондордун сөөгү соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча жерге берилбейт.

Тажикстанда 25-ноябрда күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда 29 жаштагы Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин ондогон адамдар нааразылык билдирип, митингге чыккан.

Алар маркумдун сөөгүн Тоолуу Бадахшан автоном облусунун администрациясынын имаратына алып келип, бийликтен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан. Москвадагы Тажикстандын элчилигинин алдында да нааразылык билдирген жүздөгөн адамдар чогулган.

Кагылышуудан жабыркагандардын арасында коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери бар.

26-ноябрь күнү эртең менен нааразылык акциясы уланып, Хорогдун жана анын тегерек-четинин ондогон тургундары Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун акимчилигине келишти. Митингчилер түндү акимчиликтин жанындагы аянтта өткөргөнү кабарланды.

Хорог - Тоолуу Бадахшандын борбор шаары, ал Кыргызстандын Чоң-Алай району менен чектешкен. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG