Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кара-Сууда добуш сатып алууга шек саналган киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районунун тургундары 24-ноябрь күнү "Ата-Журт Кыргызстандын" штабынын жанынан ири суммадагы акчасын таштай качкан кишини милицияга кармап берген. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында, шектүү көрсөтмөсүндө 259 миң сомду машина алуу үчүн жанына алып жүргөнүн айткан. Ошондой эле ал "Ата-Журт Кыргызстандын" штабын машина алып берүүнү суранган Нагима аттуу аялдын үйү деген.

Учурда иш Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүндө добуш сатып алууга аракет кылуу боюнча катталып, тергөө иштери уланууда. Партия өкүлдөрү комментарий бере элек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Бүгүн, 27-ноябрь жымжырттык күнү.

Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. (DU)

XS
SM
MD
LG