Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:06

Ошто "Альянс" партиясынын мүчөсү 16 миң сом менен кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы добуш сатып алууга шек санап 26-ноябрь күнү "Альянс" партиясынын мүчөсүн кармады. Текшерүүдө анын жанынан 16 миң сом табылган.

Шектүү шаардык милицияга өткөрүлгөн.

"26-ноябрь күнү Ош шаарынын тургуну 1983-жылы туулган С.К. (аял киши) аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө тийиштүү күбөлөр суралган. Топтолгон материалдардын негизинде С.К. 16 миң сом бергендиги аныкталып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп жазылган милициянын билдирүүсүндө.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочуларды сатып алуу") менен сотко чейинки өндүрүш башталып, тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин "Альянс" партиясынын талапкери Кара-Сууда "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын штабынын жанынан 250 миң сомдон ашык акчасын таштай качкан кишини милицияга кармап берген. Учурда бул иш дагы тергөөдө.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 287 талапкер ат салышууда. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. (DU)

​
XS
SM
MD
LG