Коронавирустун жаңы түрүнөн улам Израил чет элдиктерге чек арасын жапты

Коронавирустун жаңы "Омикрон" деп аталган штаммынан улам Израил чет элдиктерге чек арасын жапты.

Премьер-министр Нафтали Беннетт тыюу салуу эки жума бою күчүндө болорун жана анын максаты эксперттерге жаңы штаммдан келип чыккан коркунучтун чыныгы деңгээлин баалоого убакыт берүү экенин айтты.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган.

"Омикрон" Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия, Австралия, Италия жана Германияда аныкталды. Көпчүлүк мамлекеттер бул штамм катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотту.

Дагы караңыз

"Жалпы иш" коомдук фонду 50гө жакын мыйзам бузуу тууралуу маалымдадыШайлоодо колдонулган бюллетендердин 10% жакыны жараксыз болду“Ата Мекен”, “Азаттык”, “Улуттар Биримдиги”, Социал-Демократтар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялады Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы расмий жарыяландыБШК сайттагы мүчүлүштүктүн себебин түшүндүрдү