Жогорку Кеңеш: Депутаттарга иш бөлмөнү комиссия бөлүштүрөт

Жогорку Кеңеш имараты.

Жогорку Кеңештин спикеринин милдетин аткаруучу Аида Касымалиева депутаттарды жаңы келе турган эл өкүлдөрүнө иш бөлмөлөрүн өз алдынча өткөрүп берүү туура эмес экенин эскертти.

Бул тууралуу ал бүгүн 9-декабрда парламенттин жалпы жыйынында айтты:

“Кийинки чакырылыштын депутаттарына сүйлөшүп алып өзүңүздөрдүн иш бөлмөңүздөрдү бербеңиздер. Себеби кийинки чакырылыштын депутаттарынан комиссия түзүлүп, алар өздөрү чечиши керек. Ошондуктан өз ара сүйлөшүү аркылуу иш бөлмөңүздөрдү бербеңиздер”.

Касымалиева кайсы депутаттар мындай сүйлөшүү жүргүзүп жатканын тактаган жок.

Соңку күндөрү шайлоодо уткан айрым талапкерлер Жогорку Кеңештеги иш бөлмөлөрүн бөлүштүрүү аракетин көрүп жатышканы коомчулукта бейрасмий айтылууда.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Азыркы 120 мандаттын ордуна эми кыргыз парламентинде 90 орун болот. Шайлоонун жыйынтыгы 18-декабрга чейин жарыяланышы керек. (RK)

Дагы караңыз

Опузалап пара алууга шек саналган тергөөчү качууга аракет кылдыЖогорку Кеңеш: жаңы курамдын сапаты жана салмагы талкууда Кайрат Чокеев Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин курамынан чыгарылды476 миң гектар жайыт жерди ижарага берүү боюнча мыйзам долбоору талкууга чыкты