Өкмөт Казакстандан газ менен жүрүүчү 1000 автобус сатып алууну көздөп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Нур-Султан шаарында газ менен жүрүүчү миң автобус сатып алуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда кабарлады. 2022-жылы жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунааларды жана атайын техникаларды сатып алуу боюнча документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Нур-Султанга жумушчу сапарынын алкагында кол коюлган.

Мэрия Yutong үлгүсүндөгү автобустарды алып келүүгө ниеттенүүдө. Меморандум эки өлкөнүн тийиштүү министрликтери, Бишкек мэриясы, "Өнөр жайды өнүктүрүү фонду", “KazakhExport”, “Qaztehna”, "СарыаркаАвтоПром", "Камаз-Инжиниринг" жана “ONAY Pay” ишканаларынын ортосунда түзүлдү.

Мэрия 150 электробус жана газ менен жүрүүчү 250 автобус сатып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик аяктап калганын, экологиялык таза транспорт менен камсыз кылуу, тейлөө сапатын жакшыртуу, электрондук билет системасын киргизүү аракети да көрүлүп жатканын кошумчалады.

Акылбек Жапаров 8-декабрдагы иш сапары учурунда казак мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевге да жолуккан.

Дагы караңыз

Кыргызстанга келгендердин ПЧР тестинин мөөнөтү кыскарышы мүмкүн Жапаров адам укугу менен эркиндигин сактоо гана абалды өзгөртөрүн айттыПрезидент Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышатКоронавирустан эки бейтап каза болду, 53 адамга жуктуУКМК: синтетикалык маңзат тараткан кылмыштуу топ аныкталды