Прокуратура: каржы пирамидасынан беш миң жаран 3 млн. долларга алданган

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жазык кодексинин 214-беренеси (“Каржы пирамидаларын уюштуруу”) менен кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Тергөөнүн жүрүшүндө каржы пирамидасынан алданган жарандардын саны беш миңден ашып, жалпы чыгым 3 млн. АКШ доллар болгону аныкталган. Расмий маалыматка ылайык, каржы пирамидасын беш украиналык жана үч кыргыз жараны түзгөн.

"Алар маркетинг иш-чараларын бурмалоо жолу менен жүргүзүп, жарандардын салган акчасы жыл сайын 260% чейин жогорку үстөк менен кайтарылары тууралуу жалган убадаларды беришкен. Жарандарды алдоо жолу менен алардын акча каражаттарын чогултушкан", - деп айтылат маалыматта.

Каржы ишканасынын эки кызматкери камакка алынып, калгандары өлкө аймагынан качып кетишкен. Алардын бөгөт чарасы сыртынан аныкталып, камакка алуу үчүн издөө жарыяланды.

Кыргызстанда ар түрдүү каржы пирамидаларына акчаларын алдатып, сызга отуруп калган жарандар арбын. (TSh)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Балыкчы: каржы пирамидасы элди сызга отургузду

Дагы караңыз

ИИМ Жумгалда жол кырсыктарын алдын алуу чаралары көрүлөрүн маалымдады Президент окубай калган балдарды мектепке киргизүү боюнча жарлык чыгардыПолковник Айткурмановдун өлүмү боюнча тергөө башталды