Аба ырайы: Тоолуу райондордо кар жаайт

15-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл кээ бир райондорунда кар жаайт, Талас, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0…5;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 4…1, күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…2;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -9…-14;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз бир аз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 2…4 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Орусия БУУнун климат жана коопсуздук боюнча резолюцияcына вето койдуБишкекте тепловоз коюп кеткен Пакистандын жараны боюнча ИИМ түшүндүрмө бердиВалентина Ошто күйөрмандары менен жолуктуБишкектин административдик соту "Клооп Медианын" арызын караган жок