УКМК өзүнүн академиясын ачары кабарланды

Президент Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиев.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) 64479-аскер бөлүгүнүн 50 жылдыгынын урматына күжүрмөн тууну тапшырды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров аскер кызматкерлерин маараке менен куттуктады.

Маалыматка караганда, Ашырбек Бакаев атындагы Кадрларды кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында УКМКнын Академиясын куруу боюнча маселелер чечилип жатат.

Институт 2011-жылы түзүлгөн. Учурда анын базасында УКМКнын билим берүү ишмердүүлүгү жүргүзүлөт. (МТа)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен кимдер депутат болду? ИИМ Таласта диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү кармалганын билдирдиСултанбаев: Айгүл Жапарова Токтобүбү Оргалча менен тааныш эмесНуртазин Жетибаев президенттин иш башкармалыгына орун басар болду