Европада "омикрондун" жайылуусуна каршы жаңы чаралар көрүлүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Европанын бир катар өлкөлөрү коронавирустун “омикрон” штаммынын жайылышына байланыштуу жаңы чараларды көрүп жатышат.

Вирустун бул өтө жугуштуу түрүн алдын алуу максатында Нидерланд өкмөтү 19-декабрдан баштап катаал “улуттук изоляция” жарыялады.

Англиянын борбор шаары Лондондун мэриясы ооруканалар бейтаптарды тейлөөгө жетишпей жатканын олуттуу көйгөй деп атады.

Германия Англияны COVID-19 боюнча кооптуу өлкөлөр тизмесине киргизди. Бул аталган өлкөдөн баргандар вакцина алган-албаганына карабастан эки апталык карантинде болушу зарыл дегенди түшүндүрөт.

Франциянын борбору Парижде Жаңы жылдык фейерверк атылбай турган болду.

Ал эми Ирландия эс алуу жайларынын айрымдарына кечки саат сегизге чейин гана иштөөгө уруксат берди.

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандардын жалпы саны 274 миллиондон ашты, алардын беш миллиондон ашууну каза болду.

Кыргызстанда бул оору менен 184 миң адам катталды, алардын 2700дөн ашыгы көз жумду.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Дагы караңыз

БШК: Саккараевди талапкер кылып каттоо тууралуу чечим жокко чыгарылдыCOVID-19: Дагы эки адам каза болду, 32 бейтап жаңы катталдыКыргызстандын Чек ара кызматы "Байрактар" менен жабдылдыКыргыз-тажик чек арасында атылган октун чоо-жайы