АКШнын эпидемиологу "Омикрон" тез жайылып жатканын эскертти

АКШнын Аллергия жана жугуштуу оорулар улуттук институтунун директору Энтони Фаучи.

Кошмо Штаттардын башкы эпидемиологу, Аллергия жана жугуштуу оорулар улуттук институтунун директору Энтони Фаучи коронавирустун "Омикрон" варианты тездик менен жайылып жатканын эскертти. Ал 19-декабрда америкалык NBC телеканалына курган маегинде АКШны оор апталар, балким айлар күтүп турганын айтты.

"Бир жагдай айдан ачык. Бул штаммдын жайылуу мүмкүнчүлүгү адаттан тыш. Дүйнөнү бушайманга салып жатат. Кошмо Штаттарды карасак, айрым региондордо алгач саналуу гана адамдан табылып баштаса, эми бул сан 30-40, кээ бир жерлерде 50 пайызга көтөрүлдү", - деди Фаучи.

Ал коронавирустун бул варианты ушундай темп менен жайыла берсе, ооруканаларда кыйын абал түзүлөрүн, өзгөчө вакцинациянын деңгээли төмөн аймактарды коркунуч тооруп турганын кошумчалады жана элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Расмий маалыматка ылайык, АКШда калктын 61 пайызы коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын, ал эми 29 пайызы үчүнчү же кошумча дозасын алды.

Ноябрь айында Түштүк Африкада табылган бул штамм дүйнөнүн ондогон мамлекеттерине тарады. Азырынча бул варианттын адам организмине таасири тууралуу маалымат чектелүү. Баштапкы изилдөөлөр ишарат кылгандай, бул варианттын симптомдору COVID-19дун башка штаммдарына салыштырмалуу жеңилирээк болушу мүмкүн. Бирок "Омикрондун" адам өлүмүнө алып келүү ыктымалдыгы канчалык жогору же төмөн экени толук белгисиз.

Дагы караңыз

Жарылуу болгон тез татым жайынын ээсине сот өкүмү чыктыФилиппиндеги тайфун 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алдыИюнь окуясы: Текебаев менен Дүйшөбаев сурак берип чыктыАкаев сурак бергенден кийин кайра Москвага учуп кеттиТИМ: Ооганстандан эвакуациялангандар арасында кыргызстандыктар жок