COVID-19: вакцина албаган эки киши каза болуп, 51 жаңы учур катталды

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 21-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусунан эки киши кайтыш болду. Каза болгондордун экөө тең вакцина алган эмес деди республикалык штаб.

Ушуну менен 2020-жылдын март айынан бери вирустан 2 786 киши көз жумду.

Бир суткада 51 адам COVID-19 вирусун жаңы жуктурганы аныкталды.

  • Бишкек шаары - 14
  • Жалал-Абад облусу - 9
  • Чүй облусу - 16
  • Ош шаары - 1
  • Ош облусу - 3
  • Баткен - 3
  • Ысык-Көл облусу - 5 учур катталды.

Азыркы учурда өлкө боюнча 648 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 303ү ооруканада болсо, 345 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 21-декабрга карата 1 млн. 186 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 973 миңден ашууну эки дозаны тең сайдырышты. (JsA)

Дагы караңыз

Бишкекте чыккан өрт чектөөгө алындыБишкекте жалгыз бой энелерге арналган фотокөргөзмө ачылатСот "Альянс" партиясы боюнча чечим чыгарууну 21-декабрга калтырдыКыргызстан менен Индия Бишкекте IT борборун ачууну макулдаштыОрусия Германиянын эки дипломатын "персона нон-грата" деп жарыялады