Саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМКнын тергөө абагына камалды

Бактыбек Калмаматов.

Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов атайын кызматтын тергөө абагына 48 саатка камакка алынды. Анын адвокаты Айым Камчыбекова билдиргендей, Улуттук коопсуздук комитети Калмаматовго "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айып таккан.

"Бул ойдон чыгарылган айып. Элдин баары анын видеолорун көргөн. Эч кандай араздашууну козутуу жок. Жалгыз оппозициялык саясатчыга карата куугунтук", - деди адвокаты.

УКМК азырынча расмий маалымат бере элек.

Дагы караңыз Саясатчы Бактыбек Калмаматов камалды

Калмаматов 22-декабрдын түнүндө "Манас аэропортунан" УКМКга суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган. Анда Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин айтышканын билдирген. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, "күбө катары суракка чакырылганы" тууралуу кагаз беришкен.

Адвокаты алгач атайын кызмат саясатчынын "жалпы жарандык паспорту жасалма болушу мүмкүн" деп текшерип жатканын кабарлаган.

Бийликти кескин сындап келаткан Бактыбек Калмаматов ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. (МТа)

Дагы караңыз

Адвокат: УКМК Калмаматовдун паспорту жасалма болушу мүмкүн деп жататПарламент Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген жок  Бакиров Өзбекстанга элчи катары Иминов жең ичинен дайындалып жатканын айтып чыктыБишкекте кассалык аппаратка каршы болгон соодагерлер митингге чыкты