Көмүрдүн баасы 8% арзандады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 24-декабрда көмүрдүн орточо баасы 5 миң 211 сомду түзүп, ноябрь айына салыштырмалуу 8,2% арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, статистика чыгарууда баанын Исфана (бир тонна үчүн 2 270,8), Баткен (бир тонна үчүн 2 120,1 сом), Ноокат (бир тонна үчүн 1 654,1 сом) жана Талас (бир тонна үчүн 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшү эске алынды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн 4 000 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн 4 450 сом) болгону байкалды. Ноокат (бир тонна үчүн 7 764сом), Баткен (бир тонна үчүн 7 599 сом), Кербен (бир тонна үчүн 7 251 сом) жана Кара-Сууда (бир тонна үчүн 7 000 сом) көмүр салыштырмалуу кымбат сатылууда.

Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралууда.

12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркына мамлекеттик жөнгө салуу чарасын киргизген. Бирок баа көтөрүлө берген.

16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Бирок аларга чоң кезек жаралып, ар бир сатып алуучуга эң көбү эки тонна гана сатылууда.

Кара-Кече кениндеги тазалоо иштерине байланыштуу көмүр сатуу экинчи жолу токтотулду. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы 27-декабрдан 10-январга чейин иш убактылуу токтогонун кабарлады. Ага чейин кенде 15-декабардан 20-декабрга чейин тазалоо иштери жүргөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Путин Батыш Москванын талаптарын аткарбаса, кандай кадам таштарын айтты Казакстан Ооганстанга ун экспорттоону улантатБишкек ЖЭБинде суу түтүгү жарылып, оңдоо иштери жүрүп жататОрус аскерлери Украина менен чек арадан кетип жатканы кабарландыHRW: Орус бийлиги сөз эркиндигине болгон кысымды күчөттү