Евробиримдиктин төрагалыгы убактылуу Францияга өттү

Франциянын президенти Эммануэл Макрон

1-январдан тарта Франция Евробиримдиктин алты айлык төрагалык вазыйпасын баштады. Президент Эммануэл Макрон бул боюнча жасаган өз билдирүүсүндө күчтүү, суверендүү жана бирдиктүү Европаны түзүүгө чакырды. Француз президенти шаркетке кирген 27 мамлекеттин ортосундагы байланыштарды бекемдеп, Евробиримдикти күчтүү державага айлантууну көптөн бери көздөп келет.

Франциянын негизги сунуштарына биримдиктин "стратегиялык көз карандысыздыгын" күчөтүү кирет. Бул айрым учурларда АКШнын көзүн карабай өз алдынча чечим кабыл алууга шарт түзмөк. Ошондой эле Макрон биримдикке мүчө мамлекеттер ортосунда миграция маселесинде координацияны жакшыртууну жана башка сунуштарды киргизди.

Эммануэл Макрон апрелде өтө турган президенттик шайлоодо экинчи мөөнөткө ат салышканы турат.

Дагы караңыз

Кара-Көл шаарынын борбордук аянтындагы балаты күйүп кеттиЖаңы жыл түнү өлкө боюнча 265 ымыркай төрөлдүКоронавирустун жаңы 59 учуру аныкталды